ИсламЖолу
2.22K subscribers
991 photos
64 videos
22 files
1.42K links
islamjolu.kg сайтынын телеграмдагы расмий каналы. Ислам жолу - жаңы баштоочуга. Админ: @isjladm

- Вотсапта -
🚹 мырзалар группасы:
https://chat.whatsapp.com/G19qjWDdSBCJNo4S8dPkhe

🚺 айымдар группасы:
https://chat.whatsapp.com/DizRWgJlS4wA6egwr5UmpB
Download Telegram
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Шейх Бадр аль-Утейби

https://www.youtube.com/shorts/X9febUlKa3g

"Соц.тармактарды акыйкат менен толтургула"

#даават #фетва_Бадр_Утейби #соцтармактар

https://t.me/islamjolu/4876
⚡️ ӨЗҮН-ӨЗҮ ӨЛТҮРҮҮ ИСЛАМДА ЧОҢ КҮНӨӨ

Мусулман адам эч качан өзүн өлтүрүүгө умтулбашы керек. Өзүн-өзү өлтүрүү Исламда эң чоң күнөөлөрдүн бири деп эсептелет.

Мусулманга кандай сыноо келбесин – ал сыноо малында болобу, же ден-соолугуна тиешелүүбү, же туугандарынабы – ал сабыр кылат. Келген сыноолор үчүн адам суицидге баруусу болбойт. Өзүн-өзү өлтүрүү чоң күнөө.

🔥 Аллах Таала айтты:

وَلاَ تَقْتُلُواْ أَنفُسَكُمْ إِنَّ اللّهَ كَانَ بِكُمْ رَحِيمًا وَمَن يَفْعَلْ ذَلِكَ عُدْوَانًا وَظُلْمًا فَسَوْفَ نُصْلِيهِ نَارًا وَكَانَ ذَلِكَ عَلَى اللّهِ يَسِيرًا

Өзүңөрдү өлтүрбөгүлө. Чындыгында, Аллах силерге Мээримдүү. Ким жогорку жаман ишти кылып, чектен ашып, зулумдук кылса, аны Тозокко таштайбыз. Бул нерсе Аллахка оңой≽ (Куран, ан-Ниса сүрөсү, 29-30-аяттар).


🔥 Абу Хурайра (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

مَنْ تَرَدَّى مِنْ جَبَلٍ فَقَتَلَ نَفْسَهُ ، فَهْوَ فِى نَارِ جَهَنَّمَ ، يَتَرَدَّى فِيهِ خَالِدًا مُخَلَّدًا فِيهَا أَبَدًا ، وَمَنْ تَحَسَّى سَمًّا فَقَتَلَ نَفْسَهُ ، فَسَمُّهُ فِى يَدِهِ ، يَتَحَسَّاهُ فِى نَارِ جَهَنَّمَ خَالِدًا مُخَلَّدًا فِيهَا أَبَدًا ، وَمَنْ قَتَلَ نَفْسَهُ بِحَدِيدَةٍ ، فَحَدِيدَتُهُ فِى يَدِهِ ، يَجَأُ بِهَا فِى بَطْنِهِ فِى نَارِ جَهَنَّمَ خَالِدًا مُخَلَّدًا فِيهَا أَبَدًا

"Ким (атайлап) тоодон өзүн кулатып, өзүн өлтүрсө, ал тозоктун отунда түбөлүк кулай берет. Ким (атайлап) уу ичип, өзүн өлтүрсө, ал колунда уусун кармаган бойдон, түбөлүк тозоктун отунда уусун ичип кала берет. Ким өзүн темир менен өлтүрсө, ал колунда темирин кармаган бойдон, түбөлүк тозоктун отунда өз курсагын сая берет" 📚 (Бухари: 5778; Муслим: 109).


🔥 Сабит ибн Даххак (радияЛлаху анху) риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты:

ومَن قَتَلَ نَفْسَهُ بشيءٍ في الدُّنْيا عُذِّبَ به يَومَ القِيامَةِ

«Ким бир нерсе менен өзүн өлтүрсө, ошол нерсе менен Кыямат Күнү азапталат» 📚 (Бухари: 6047; Муслим: 110).


🔥 Жабир ибн Абдуллах (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

كانَ فِيمَن كانَ قَبْلَكُمْ رَجُلٌ به جُرْحٌ، فَجَزِعَ، فأخَذَ سِكِّينًا فَحَزَّ بهَا يَدَهُ، فَما رَقَأَ الدَّمُ حتَّى مَاتَ، قالَ اللَّهُ تَعَالَى: بَادَرَنِي عَبْدِي بنَفْسِهِ، حَرَّمْتُ عليه الجَنَّةَ

«Силерге чейинки жашагандардын арасында бир киши болгон. Ал жарат алып, бирок (ооруусуна) чыдай албай, бычак менен өз колун кесип салат. Анан каны ага бергендиктен акыры жан берет. Аллах Таала айтат: “Менин пендем (өзүн өлтүрүп) Менден озуп кетти. Ошондуктан Мен ага Бейишти арам кылдым”» 📚 (Бухари: 3463; Муслим: 113).


══════ ❁✿❁ ══════


🤲 ӨЗҮНӨ ӨЛҮМ ТИЛӨӨ ДУБАСЫ

Эгер такыр айла жок калса, хадисте келген бул дубаны кылса болот.

Анас ибн Малик (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

«Эч кимиңер келген сыноолор себептүү өлүүнү каалабагыла. Эми такыр айла жок болуп, өлүмдү каалап жатса, анда минтип айтсын:

اللَّهُمَّ أحْيِنِي ما كانَتِ الحَياةُ خَيْرًا لِي، وتَوَفَّنِي إذا كانَتِ الوَفاةُ خَيْرًا لِي

/Аллахумма ахйи-нии маа каанати-ль-хаяту хойрон ли, ва таваффа-нии изаа каанати-ль-вафаату хойрон лии/

О, Аллахым! Жашоо мен үчүн жакшыраак болсо, мени жашат! Ал эми өлүм мен үчүн жакшыраак болсо, анда менин жанымды ал”» 📚 (Бухари: 6351; Муслим: 2680).

🌐 https://islamjolu.kg/3694-өзүн-өзү-өлтүрүү-суицид-тууралуу

#кабаир #суицид #сыноо #сабырсыздык

📲 https://t.me/islamjolu/4878
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Audio
Өзүн-өзү өлтүрүү Исламда чоң күнөө.
Суицид тууралуу.

https://t.me/islamjolu/4880
🎙 Онлайн дарс 📣

Үй-бүлөгө тийиштүү насааттар

№70 - сабак

Тема: "Рамазан айын тосуп алуу"

Среда, 06-март. Саат 21:20❗️
(Бишкек убактысы менен)

Устаз: Бакай Мамбетказиев

✉️ Сабакка тиешелүү суроолорду түз эфирде же бул жерден (@surooberuu_bot) алдын ала берсеңиз болот

💬 Сабак онлайн 👇 бул жерде өтмөкчү
https://t.me/islamjolu
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Live stream started
Live stream finished (1 hour)
🇸🇦 КАБАР. 10-март Жекшемби шамдан кийин, Рамазан-2024 башталышын аныктоо үчүн, ай кароо жүрөт.
Эгер ай көрүнсө, саарда ооз жабылып, Дүйшөмбү орозонун биринчи күнү деп эсептелет.
Эгер ай көрүнбөсө, анда Шаабан отуз күнгө толуп, орозонун биринчи күнү 12-март Шейшемби делет.

🌙 https://t.me/islamjolu/4885
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
ЗАККУМ - Тозоктун ортосунда өскөн дарак. Тозок ээлери ошол дарактын мөмөсүнөн жешет. Бул дарак тикенектүү жана уудан да ачуу! Тозоктогулар курсагы ачканда, ошол дарактан башка тамак таба албайт жана ачуусуна карабай тоюп-тоюп жеп алышат. Анан ичи, оозу күйүп, аябай суусап кыйналышат. Суу жок эмес, бар. Бирок, ал кайнак суу!

Аллах Таала айтат:
(О, адамдар!) ушул (Бейиштеги жашоо) жакшыбы же Заккум дарагы жакшыбы? Биз аны заалымдарга азап болушу үчүн жараттык. Ал – тозоктун тереңинен өсүп чыккан дарак. Анын бүчүрлөрү шайтандардын башына окшойт. Алар (тозоктогулар) андан курсактарын толтура-толтура жешет
(Куран, ас-Сооффаат 37:62-66).

Заккум дарагы... Күнөөкөр адамдардын тамагы. Ал курсактарда кайнаган ириң сыяктуу болот! Кайнак суунун кайнаганы сыяктуу!
(Куран, ад-Духан 44:43-46).

Кийин, эй, акыретти "жалган" деп адашкандар, силер Заккум дарагын(ын ачуу, тикенектүү мөмөсүн) жейсиңер! Аны менен курсагыңарды толтуруп, аркасынан кайнак суу ичесиңер. Суусаган төө сыяктуу (жуткунуп) ичесиңер! Алардын Кыяматтагы "сыйтамагы" – ушул!
(Куран, аль-Вакия 56:51-56).

#тозок #заккум #термин

https://t.me/islamjolu/4886
🌿 Аллахтын сыпаттарына окшошкула дегендин мааниси

Ибн Каййим аль-Жаузия айтат:

"Аллах Өзүнүн ысымдарын жана сыпаттарын жакшы көрөт. Жана ким ошол ысым-сыпаттарды жакшы көрсө — аны да жакшы көрөт. Жана ким ошол сыпаттарга окшошууга аракет кылса — аны да жакшы көрөт. М:

Аллах Мээримдүү (ар-Рахиим) - мээримдүүлөрдү сүйөт;

Аллах Берешен (аль-Кариим) - берешендерди сүйөт;

Аллах Илимдүү (аль-Алиим) - илимдүүлөрдү сүйөт;

Аллах Даанышман (аль-Хакиим) - даанышмандарды сүйөт;

Аллах Кечиримдүү (аль-Гофуур) - кечиримдүүлөрдү сүйөт".

#ысым_сыпат #Алланын_ысымы

📝 https://t.me/islamjolu/4887
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
🌙 КАБАР. Бүгүн мусулман мамлекеттеринде Рамазан-2024 үчүн ай кароо жүрүп, ай көрүнгөн жок экендигин кээ бири расмий билдиришти. М: Индонезияда ай көрүнгөн жок, алар Рамазандын башталышын шейшемби дешти.
Саудияда шам боло элек, эми ай кароо жүрөт.

https://t.me/islamjolu/4888
🌙 КАБАР. Сауд Арабиянын Судейр деген жеринде АЙ КӨРҮНДҮ деп жарыяланууда. Эртең дүйшөмбү 11-март Рамазандын биринчи күнү деп белгиленди. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий билдирүүсү чыкты.

Бир жерде ай көрүнсө, болду орозо тутулат. Бардык жерде көрүнүш шарт эмес. Кээ бир аймактарда шамаал болуп, асман булут жана чаң менен тосулуп калыптыр.



https://t.me/islamjolu/4889
Таравих каякта абзел?

Имам менен мечитте окусаң "түнү бою намаз окуду" сообу жазылат + үйгө келип өзүнчө да окусаң "эң жакшы намаз" дегендин сообу жазылат. Демек, экөөнү тең кылууга чамдан!! - Абу Бакр менен Умар ж.б. кээ бир сахабалар ушундай кылышкан.

#таравих

https://t.me/islamjolu/4892
Audio
ℹ️ Таравих намазы

🔺 мен кичине эле сүрө билем, Куран хатм кыла албайм, мага таравих окуса болобу?
🔺 таравихте таспих айтуу барбы, болсо кантип айтылат?
🔺 кайсыл убакта Таравих окуу абзел: түндүн башындабы же аягындабы?
🔺 үйдө окуп жатабыз, сөзсүз жамат менен окуш керекпи же жалгыз окуса болобу?

🎙 Бакай Мамбетказиев

https://t.me/BakayUstaz/149
Суроо-Жооп (Рамазан-1)
устаз Бакай Мамбетказиев
#суроо_жооп

🔹 Бир бөлмөдө өзү, аялы жана чоочун (махрам эмес) киши менен намаз окуу.

🔹 Эмне үчүн Пайгамбар ﷺ он бир рекет түнкү намаз окуса, мечиттерде таравих намазын андан көп окуп жатышат?

🔹 Напил намазда Куранды (мусхаф) колго кармап алып окуу болобу; жана бул Рамазанга эле тиешелүүбү?

🎙 Бакай Мамбетказиев

https://t.me/BakayUstaz/152
📖 Куранга болгон сүйүү

Ибн Каййим айтат:

«Аллахтын сөзүн сүйүү - Аллахты сүйүүнүн белгиси. Сен же башка бирөө Аллахты канчалык сүйөт экенин билгиң келсе, жүрөгүңдө Куранга болгон сүйүү канчалык карап көр. Музыка уккандар музыкасынан канчалык ырахат алышса, сен Куранды угуудан андан да көп ырахат аласыңбы же жокпу? ...
Усман (радияЛлаху анху) айтты: "Жүрөктөрүбүз таза болсо, Аллахтын сөзүн окуудан, угуудан эч тажабайт элек

(ад-Даа' вад-Даваа': 550)

#асар #рокоик #куран

📌 https://t.me/islamjolu/4895
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Фитир-садака.pdf
25.5 MB
📖 #жаңы_китеп: Фитир садака жана Фидья

🗓 Жыл: 2024

#фикх #зекет #фитир #рамазан
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Куран жана Сүннөттү сахабалардын түшүнүгүндө кармануу милдет

Толук сабак: https://youtu.be/YaJ8amIS53M?si=0NHb4sklWG7wB0f3