ИсламЖолу
2.22K subscribers
991 photos
64 videos
22 files
1.42K links
islamjolu.kg сайтынын телеграмдагы расмий каналы. Ислам жолу - жаңы баштоочуга. Админ: @isjladm

- Вотсапта -
🚹 мырзалар группасы:
https://chat.whatsapp.com/G19qjWDdSBCJNo4S8dPkhe

🚺 айымдар группасы:
https://chat.whatsapp.com/DizRWgJlS4wA6egwr5UmpB
Download Telegram
1 жылдык #орозо

#Шавваль айынын орозосун кармоо алдын карыз орозолордон кутулуу к'к. Андан соң шавваль орозосуна киришсе б'т.
? Шавваль айынын орозосун удаа тутуу шартпы?

! Жок. Шарт эмес. Ушул #шавваль бүткүчө каалаган күндөрдөн 6 күн кармасаңыз болду.
#ШАВВАЛЬ - мусулман календарынын 10-айы. Анын 1-числосунда #Орозо_Айт майрамдалат. Бул айда 6 күн ыктыярдуу (нафил) #орозо тутулат.
Шавваль орозосунун хикматы

Аллах Таала айтты: “Ким бир жакшы иш менен келсе – ага 10 эсе деп жазылат” (Куран 6:160)

1 сооп иш Аллах алдында 10 сооп деп жазылат. Ошондуктан Рамазанда 1 ай #орозо туткан адамга 10 ай орозо тутту деп сооп жазылат. Шавваль айында 6 күн орозо тутса бул 60 күн болот, б.а. 2 ай. 10 ай + 2 ай = 1 жыл.

Демек Рамазан, андан кийин Шаввалда 6 күн орозо туткан адамга 1 жылдык сооп берилет.

💭 Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: Ким Рамазандын орозосун тутуп, [андан кийинки] Шавваль айында 6 күн орозо кармаса - бир жыл орозо туткандай болот (Муслим: 1164)


Шавваль айынын орозосун удаа тутуу шартпы?
Жок. Шарт эмес. Ушул #шавваль бүткүчө каалаган күндөрдөн 6 күн кармасаңыз болду.

Шаввалдын орозосун биринчи тутуп, анан Рамазандын карыздарын тутса болобу?
Шавваль айынын орозосун кармоо алдын биринчи карыз орозолордон кутулуу керек. Андан соң шавваль орозосуна киришсеңиз болот. Себеби хадисте айтылат: “Ким Рамазандын орозосун тутуп...” деп. Демек Рамазандан карыздар калган болсо ал Рамазанды тутту деп эсептелбейт.

Шавваль айы быйыл 2016-ж. 6-июЛда башталды. 4 же 5 августка чейин уланат.


© ИсламЖол
СУРОО. Ирактан Н.Д. аттуу угарманыбыз бир нече суроо жибериптир. Биринчи суроосунда айтат: “Рамазан айынын карызын тутпастан, Шавваль айынын алты күндүк орозосун кармоо болобу? Эгер уруксат эмес болсо, анда Шаввал айынын Дүйшөмбү күндөрүндө орозо тутуп, ошол орозону 《Рамазандын казасы, Шаввал орозосу жана Дүйшөмбү күнүнүн орозосу》 деп ниеттенип (б.а. ниеттерди бириктирип) орозо кармоого болобу?

❗️ ЖООП. Шейх Ибн аль-‘Усеймин жооп берди:

Шаввалдын алты күн орозосунун сообу, Рамазандын күндөрүн ТОЛУК кармабайынча, эсептелбейт.
⚠️ Ошондуктан Рамазандан карызы бар адам, аны тутуп бермейинче, Шаввал айынын алты күн орозосун тутпайт.
Себеби Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам): “Ким РАМАЗАН АЙЫНДА ОРОЗО КАРМАСА, кийин анын артынан Шаввалдан алты күн кармаса – бир жылдык орозо тутканга барабар” (Муслим: 1164), - деди. Рамазан айын толук кармап бүтүрбөгөн адам, Рамазан айын орозо кармады деп эсептелбейт.
Демек, карыз орозосу бар адамга айтабыз: “алгач карыз орозоңду карма, андан соң гана Шаввал айынын алты күн орозосун карма”.
Эгер алты күндүк орозо, Дүйшөмбү/Бейшемби күндөрү орозо кармоого туура келип, жана адам аны 《Шаввалдын орозосу, жана Дүйшөмбү/Бейшемби орозосу》 деп НИЕТТЕНСЕ – ал ошол [эки нафил] орозонун тең сообун алат. Себеби Пайгамбар ﷺ: "Амалдар ниеттер менен. Чындыгында ар бир адам ниеттенген нерсесин гана алат" деди.

📝 Булак: “Силсиля Фатава Нур ъала Дарб”: 146.

#фетва_Ибн_Усеймин #орозо_каза #Шавваль


📲 https://t.me/islamjolu/3676
СУРОО. Эгер бир киши Шавваль айынын баарысын Рамазандын карыз орозолорун кармоо менен өткөрсө – анда ал [Шаввал айынын] алты күндүк орозосун Зуль-Ка’да айында тутуп койсо болобу?

❗️ ЖООП. Шейх Ибн аль-‘Усеймин жооп берди:

Мисалы, эгер адам сапар, оору же төрөттөн кийинки кан (нифас) себептүү, Рамазан айын толугу менен орозо кармаган жок деп эсептесек, жана ал Шаввал айын толугу менен ошол каза орозолорду тутуп өткөрүп, Шавваль бүтүп калса – анда мындай адамга Зуль-Каада айында алты күн орозо тутуп коюу уруксат.
Себеби, парз болгон Рамазан орозосун тутпай калган киши, анын казасын туткандай эле, нафилди [үзүр себептүү] өткөрүп жиберген киши, анын казасын тутат. Шаввал айынын алты күндүк орозосу, Рамазан айынын орозосунан кийин тутулат эмеспи.
Бирок эгер ал карыз орозолорду тутууга кош көңүлдүк кылып, мүмкүнчүлүгү барда тутпай жүрүп, анан Шавваль аяктаганы аз калганда карыз орозолорду тута баштап, [ошентип Шавваль бүтүп калып, кийинки ай келгенде], алты күндүк орозону тутууну кааласа – бул андан кабыл кылынбайт. Себеби ал, эч үзүр-себепсиз, ибадатты өз убагында кылбай, таштап койду.

📝 Булак: “Силсиля Лико аль-Баб аль-Мафтух”: 117.

#фетва_Ибн_Усеймин #орозо_каза #Шавваль


📲 https://t.me/islamjolu/3677
🌹 Рамазанда нике кылса болобу? Сапар айында үйлөнүү, Май айында уйлонуу болобу
🌷 Эки айттын ортосунда нике кыйса болобу

❗️ Нике бардык убактарды кыйыла берет. «Рамазанда, Сапар айында, Шаваль айында нике кыйылбайт» деген туура эмес түшүнүктөр эл арасында таркалып кеткен. Дагы да эл арасында “Кто в мае жениться всю жизнь маится” (ким май айында үйлөнсө өмүр бою урушуп жүрөт) деп да чыгарып алышкан.

Бул илгеркилерден калган жаман ырым-жырым. Эгер адам ага ишенип, андан коркчу болсо – бул ширк болот, адамдын ыйманына доо кетет. Бул нерселерди таштоо зарыл. Момун мусулман Аллах жана Анын элчиси ﷺ айткан нерселерге гана ишенет, ырым-жырымдан алыс болот.

Пайгамбарыбыз ﷺ өз аялдары менен бардык эле айларда никелешкен. Өзгөчө бир айды белгилеп, же бир айдан качып — анткен эмес.



📃ФЕТВАЛАР БОЮНЧА ТУРУКТУУ КОМИТЕТТЕН” эки айт арасында нике кылуу болобу деп суралганда, алар жооп беришти (фетва №19802):

"Жылдын бардык күндөрүндө инсан нике кыя алат жана аялдарына жакындай алат. Бир гана Ажылык жана Умрадан башка учурда, себеби ихрамчан адамга нике кыйылбайт же ал кыйбайт.

“Эки айттын ортосунда нике кыйылбайт” ж.б.у.с. сөздөргө Шариаттан эч далил жок. Хадистерден маалым болондой Пайгамбар ﷺ Айша энебизге Шавваль айында үйлөнгөн (Шавваль – Рамазандан кийинки ай). Айша энебиз айтат: “Пайгамбар ﷺ мага Шавваль айында никелешти… Анын аялдарынын арасынан эң көп үлүшкө (бакытка) ээ болгон менден өткөн ким бар!” (Тирмизи, Ахмад).

✍️ Фетвалар боюнча туруктуу комитеттин төрөгасы, муфтий АБДУЛАЗИЗ ИБН БАЗ

Булак: Фетва боюнча Туруктуу Комитеттин расмий сайты.

🌐 http://islamjolu.kg/1651-рамазан-эки-айт-сапар-айында-үйлөнүү

#фетва_Ибн_Баз #нике #ырым_жырым #сапар_айы #шавваль

📲 https://t.me/islamjolu/3817
ШАВВАЛЬ АЙЫНА ТИЕШЕЛҮҮ МАТЕРИАЛДАРДЫН #ТОПТОМУ

Жаңы ай көргөндөгү дуа:
[Аллааhумма адхильhу 'аляйнаа биль-амни уаль-иимаан уас-саляямати уаль-исляям уа жиуаарин минаш-шайтоон уа ридуаанин минар-рохмаан] (Толугу менен
👉
https://t.me/islamjolu/3798)

https://t.me/islamjolu/3499
💧 Рамазандын орозосунун казасын удаа жана дароо тутуш шартпы? – Шейх Ибн аль-‘Усеймин.

https://t.me/islamjolu/3326
🌺 Айыз учурундагы кармалбаган орозонун казасын аял тутуп бериши керек (хадис)

https://t.me/islamjolu/3001
🕌 Рамазандан кийинкин сенин акыбалың (жума хутбасы) - Шейх Солих аль-Фаузан

https://youtu.be/kKARwaamUWA
📺 Аллахка ибадат кылуу Рамазан менен эле бүтүп калбайт - Шейх Абдурраззак Аль-Бадр

https://t.me/islamjolu/2997
✏️ Шавваль айынын орозосу (макала)

https://t.me/islamjolu/4107
🖼 Шавваль айынын орозосу (сүрөт)

https://t.me/islamjolu/3673
💡 Аалымдар айтышты: "Бир жакшылык иштен кийин, адам экинчи жакшылык ишке киришсе - биринчисинин Аллахтын алдында кабыл болгонунун белгиси" деп. Башка хикматтарды окуу...

https://t.me/islamjolu/3675
Шавваль айынын орозосун Орозо Айттан кийин дароо башташ керекпи? - Фетва берүү боюнча Туруктуу комитет.

https://t.me/islamjolu/3676
Рамазандын карыз орозолорун кармабастан #Шавваль айынын орозосун кармоо болобу?
Дүйшөмбү күндөрүндө орозо тутуп, ошол орозону 《Рамазандын казасы, Шаввал орозосу жана Дүйшөмбү күнүнүн орозосу》 деп ниет кылса болобу?
- Шейх Ибн аль-‘Усеймин.

https://t.me/islamjolu/3677
⁉️ Бир киши Шавваль айын толук Рамазандын карыз орозолорун кармоо менен өткөрсө – анда ал Шавваль айынын алты күндүк орозосун качан тутат? - Шейх Ибн аль-‘Усеймин.


📲 https://t.me/islamjolu/4109
Forwarded from ИсламЖолу
ШАВВАЛЬ АЙЫНА ТИЕШЕЛҮҮ МАТЕРИАЛДАРДЫН #ТОПТОМУ

Жаңы ай көргөндөгү дуа:
[Аллааhумма адхильhу 'аляйнаа биль-амни уаль-иимаан уас-саляямати уаль-исляям уа жиуаарин минаш-шайтоон уа ридуаанин минар-рохмаан] (Толугу менен
👉
https://t.me/islamjolu/3798)

https://t.me/islamjolu/3499
💧 Рамазандын орозосунун казасын удаа жана дароо тутуш шартпы? – Шейх Ибн аль-‘Усеймин.

https://t.me/islamjolu/3326
🌺 Айыз учурундагы кармалбаган орозонун казасын аял тутуп бериши керек (хадис)

https://t.me/islamjolu/3001
🕌 Рамазандан кийинкин сенин акыбалың (жума хутбасы) - Шейх Солих аль-Фаузан

https://youtu.be/kKARwaamUWA
📺 Аллахка ибадат кылуу Рамазан менен эле бүтүп калбайт - Шейх Абдурраззак Аль-Бадр

https://t.me/islamjolu/2997
✏️ Шавваль айынын орозосу (макала)

https://t.me/islamjolu/4107
🖼 Шавваль айынын орозосу (сүрөт)

https://t.me/islamjolu/3673
💡 Аалымдар айтышты: "Бир жакшылык иштен кийин, адам экинчи жакшылык ишке киришсе - биринчисинин Аллахтын алдында кабыл болгонунун белгиси" деп. Башка хикматтарды окуу...

https://t.me/islamjolu/3675
Шавваль айынын орозосун Орозо Айттан кийин дароо башташ керекпи? - Фетва берүү боюнча Туруктуу комитет.

https://t.me/islamjolu/3676
Рамазандын карыз орозолорун кармабастан #Шавваль айынын орозосун кармоо болобу?
Дүйшөмбү күндөрүндө орозо тутуп, ошол орозону 《Рамазандын казасы, Шаввал орозосу жана Дүйшөмбү күнүнүн орозосу》 деп ниет кылса болобу?
- Шейх Ибн аль-‘Усеймин.

https://t.me/islamjolu/3677
⁉️ Бир киши Шавваль айын толук Рамазандын карыз орозолорун кармоо менен өткөрсө – анда ал Шавваль айынын алты күндүк орозосун качан тутат? - Шейх Ибн аль-‘Усеймин.


📲 https://t.me/islamjolu/4109