ИсламЖолу
2.22K subscribers
991 photos
64 videos
22 files
1.42K links
islamjolu.kg сайтынын телеграмдагы расмий каналы. Ислам жолу - жаңы баштоочуга. Админ: @isjladm

- Вотсапта -
🚹 мырзалар группасы:
https://chat.whatsapp.com/G19qjWDdSBCJNo4S8dPkhe

🚺 айымдар группасы:
https://chat.whatsapp.com/DizRWgJlS4wA6egwr5UmpB
Download Telegram
http://islamjolu.kg/?p=2002

СУРОО. Ашура күндүн орозосу тууралуу. Аны бир күн эле кармоо болобу? Же Ашуранын алдынкы күнү же кийинки күнү орозо кармаш керекпи? Бул нерсенин даанышмандыгы эмнеде?

ЖООП. Шейх Солих ибн Фаузан аль-Фаузан айтты:

Ибн аль-Каййим (Аллах аны Өз ырайымына алсын) өзүнүн “Зад аль маъад фи хади хайриль ибад” аттуу китебинде бул тууралу мындай деген:

ℹ️ “Ашура күндүн орозосу үч түрдүү болот.

Биринчиси жана эң жакшысы: Үч күн #орозо тутулганы, ал – #Мухаррам айынын тогузунчу күнү, онунчу күнү жана он биринчи күнү. Эң жакшысы ушул.

Андан кийинки мартабадагысы – тогузунчу жана онунчу күндөрү орозо тутулганы.

Андан кийинкиси, онунучу жана он биринчи күндөрү орозо тутулганы деп келет”.


💡 Булардын бардыгында чоң жакшылык бар. Эгер бирөө бир эле Ашура күнү орозо кармайм десе – буга дага уруксат.

Бирок Пайгамбар (салла Ллаху алейхи ва саллям) “Жөөттөргө окшошпогула” деп айткан. Себеби жөөттөр Ашура күнү орозо кармашкан. Алар айтышкан бул күнү Аллах Мусаны жана анын коомун куткарып, жана Фараонду жана анын коомун жок кылган деп. Ошол себептен алар ошол күнү орозо кармашчу эле.

Пайгамбар (салла Ллаху алейхи ва саллям) айткан: “Биз силерге караганда Мусага жакыныраакбыз” деп. Пайгамбар (салла Ллаху алейхи ва саллям) #Ашура күнү орозо тутту жана жөөттөрдөн айырмаланып туруш үчүн анын алдынкы же кийинки күнү орозо тутууга буюрду. Ооба.

#фетва_шейх_фаузан

ИсламЖолунун Ютубдагы каналынан көрүү:
https://www.youtube.com/watch?v=3SZvHfakttg

© ИсламЖолу
http://islamjolu.kg/3371-коронавирус-шейх-фаузан

🦠 #КОРОНАВИРУС ООРУСУНУН ПАЙДА БОЛУУ СЕБЕБИ – ШЕЙХ АЛЬ-ФАУЗАН

<<Коронавирус жана ага окшогон жугуштуу эпидемиялык оорууларга тийиштүү хадис>>

АбдуЛлах ибн ’Умар (радияЛлаху анхума) кабарлангандай, бир жолу Аллахтын элчиси ﷺ бул сөздөр менен кайрылды дейт:
«Оо, Мухажирлер! Силер беш нерсе менен сыналасыңар. Аларга силер туш келип калышыңардан Аллахтан мен коргоо издейм:

❶ Качан зына (никесиз жыныстык катнаш), адамдар арасында аны ачык эле жасала баштанга чейин жетип, таркалып калса – анда, мурунку ата-бабаларына да келбеген кара тумоо (чума, жугуштуу оорулар) жана ачарчылык алардын арасында жайылат.

❷ Качан алар таразадан алдап, кемите башташса – анда аларды кургакчылык каптап, азык-түлүк жетишпей калат жана падышасынын зулумдугу басат.

❸ Качан мал-мүлкүнөн зекет берүүнү токтотушса – анда алар жаан-чачымдан кур калышат. Айбанаттар болбогондо аларга бир да жамгыр жиберилмек эмес.

❹ Качан алар Аллахтын жана Анын элчисинин келишимин бузушса – анда Аллах сөзсүз чоочун душмандар аларды басып алгандай кылат да, алардын колундагы нерсенин бир бөлүгүн тартып алышат.

❺ Качан алардын башчылары Аллах түшүргөндү тандабай, Аллахтын Китебинен башка нерсе менен өкүм жүргүзүшсө – анда Аллах алардын ортосуна душманчылык жаратат».

📚 (Ибн Мажах: 4019; аль-Хаким: 2/126; аль-Баззар: 2/268. Хафиз Хайсами менен хафиз Бусыри бул хадисти риваятчыларынын баардыгы ишеничтүү деп айтышкан. Ал эми шейх Албани болсо бул хадистин хасан деген. "Мажма'у-ззауаид": 5/320; "Аль-Итхаф": 7/445; "Сахих аль-Жами'": 7978).


<<Шейх Солих аль-Фаузан айтты>>

Эй, ыйман келтиргендер! Бул хадистин натыйжасы – бүгүнкү болуп жаткан нерселер:
- коомдо ар кандай күнөөлөр кайтарылбай, ачык жасалып калганда,
- балким ага, “пикир эркиндиги”, “адамдардын жеке жашоосуна кийлигишпөө” деген ураан менен көмөктөшкөндөр чыкканда,
- бузукулук (зына) коомдо ачык чыкканда,
- аны коргоп, ага үгүттөгөндөр чыкканда,
- жакшы адамдар бул нерсеге унчукпай, кайдыгер карап калганда
– аларга азыр көрүп жаткан балээ келди: эпидемия, өлтүрүүчү вирус.

Врачтар, адистер аны айыктырууда алсыз болуп жатышат. Бул нерсе мурдакы замандарда жок эле.

Мурда эч ким укпаган, тарыхта аты аталбаган канча деген оорулар чыгып жатат.

Бул заманбап дарттар – айыккыс, өтө зыян. Доктурлардын күчү жетпей жатат. Бул оору ушунча коомдо көп таркап жатат.

⚠️ (Эгер адамдар тооба кылбаса) күн сайын ушундай оорулардын дагы бир жаңы, белгисиз түрү чыга берет.

Ал керек болсо адамдар жеген же чогу жашаган куш-канаттуулар аркылуу таркап жатат. Айбандар арасында бул оору таркап, ал айбандардын эттерин инсандар колдонушууда.

Сууларда, адамдар жашаган шаарларда таркалып жатат. Дарылардын түрлөрү бар экенине карабастан, медицина жетишкендиктерине карабастан бул жаатта, баардыгы бириксе да алсыз болуп жатышат. Эпидемия таркагандан таркаган. Көптөгөн адамдардын жандарын алып кетип жатат. Адамдар ага айла амал таппай, айраң таң болушууда. Андан качып кутулуунун же аны жеңүүнүн жолун таппай жатышат.

Шейх Солих аль-Фаузан
Эр-Рияд, 19-март-2020

Булак: http://islamjolu.kg/?p=3371

#фетва_Шейх_Фаузан #зына #хадис #күнөө



📲 https://t.me/islamjolu/3578


@islamjolu
Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram
СУРОО. Урматтуу шейх! Курбандык чалуунун өкүмү кандай болушу керек? Жана эгер бирөнүн мүмкүнчүлүгү жоктугунан курбандык чалбаса, ал үчүн күнөө болобу?

ЖООП. Шейх Солих аль-Фаузан айтты:

Курбандык чалуу – бул, бекитилген (муаккада) сүннөт амалы болуп саналат, ал милдет (парз) амалдарынан эмес. Эгер бирө курбандык чалууга назыр берсе, анда ал убадасын аткарып, кубрандык чалсын. Эгер назыр бербесе, анда курбандык чалбай деле коет.

Негизинен, бул сүннөт амалдарына кирет, тагыраак айтканда муаккада (бекитилген) сүннөт. Кимдин мүмкүнчүлүгү жетсе ал #курбандык соет, же карызга алып сойсо дагы болот. Себеби бул өтө чоң ибадаттардын катарына кирет.

Булак: https://www.youtube.com/watch?v=eAs2xqEGdYk

#фетва_Шейх_Фаузан

📲 https://t.me/islamjolu/3753
Тамак ашты урматтоо – Шейх Солих аль-Фаузан

https://www.youtube.com/watch?v=FX9X5gkVqeY

💭 Шейх Фаузан айтты:

Нээматтарга шүгүр кылууга – тамак-ашты урматоо, аны ысырап кылбоо кирет, бир аз жеп, калганын таштандыгы ыргытпоо кирет.

Кенен дасторкондон бир аз жеп, калганын таштандыга ыргытышат. Бул нерсе Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылбоо деп эсептелет. Аллах бизди андан сактасын! Бул нерселердин коркунучтуу акыбеттери бар.

Пайгамбарыбыз ﷺ айтат: “Эгерде бирөөңөрдүн тамагынан бир үзүм жерге түшүп калса – аны алып, тазалап, анан жеп койсун” (Муслим: 2033).

Тамактын кичинекей бир бөлүгү! Кантип анан көп тамак-ашты таштандыга таштоо болсун?! “Жеп койсун”.

Пайгамбарыбыз ﷺ жолдо бир курма көрүп калып, шарапаттуу колу менен аны көтөрүп, айтат: “Бул курма зекет болуп калбасын деп кооптонбогонумда сөзсүз жеп коймокмун”.

Бирок аны таштап койбостон жерден алып койду.

Курманы жеп коюштан Пайгамбарды ﷺ тыйган нерсе: ал курма – зекеттин бир бөлүгү болуп калышы мүмкүн эле. Себеби Аллах Мухеммед Пайгамбарга ﷺ жана анын үй-бүлөсүнө зекетти арам кылган.

Бул – Аллахтын жакшылыктарын кадырлоо, аларды урматтоо, аларды жөнү жок жоготпоо керек экенин көрсөтөт.

Бул – биз үчүн ибарат жана сабак болуш керек.

О Аллахтын пенделери!

Биздин айланабыздагыларга жеткен кырсык бизге да жетпесин деп коркобуз: бөлүнүп-жарылуулар, кедейчилик, жакырчылык, жашоонун кыйындашы.

#фетва_шейх_фаузан
#ысырап
#тамак_аш

📲 https://t.me/islamjolu/3762
#КУРМАН_АЙТ НАМАЗ УБАКТЫСЫ

Айт намазынын убактысы күн көкжээктен (горизонттон) найзанын бийктигиндей болуп көтөрүлгөн учурда кирет, б.а. намаз окуу макрух болгон убакыт өтүшү менен башталат. Жана анын убакыты күн так төбөгө көтөрүлгөнгө аз калганга чейин, б.а. бешим намазынын убакыты киргенге аз калганга чейин барат.
(Кз.: «‘Аунул-Ма’буд» 3/486, «Шархул-мумти’» 5/156).

🕰 Демек, Айт намаз – духа убактысында окулат, б.а. күн чыккандан баштап болжол менен 20 мин. өткөн соң башталып, тээ күн төбөгө жеткенге 20 мин. калганда аяктайт.

Ал эми ушул кең убакыттын ичинен кайсыл сааты абзел дегенге, Шейх Солих Фаузан айтты:
“КУРМАНДЫК, намаздан КИЙИН чалынгандыктан, Курман айт эртерээк окулуусу сүннөт. Ал эми ФИТР ЗЕКЕТИ, намазга ЧЕЙИН берилгендиктен, Орозо айт кечирээк окулуусу сүннөт” 🌐 (Ахкам Солят аль-‘Ид)

#фетва_шейх_фаузан

📲 https://t.me/islamjolu/3773
Шейх Солих аль-Фаузан айтты:

《 Сооптуу иштердин аягында, Рамазан айы сыяктуу ибадаттардын аягында мусулман көбүрөөк истигфар айтсын. Бул айда орозо тутуп, намаз окууга кимге Аллах мүмкүнчүлүк берсе - анысын истигфар менен бүтүрсүн, ибадатты тиешелүү деңгээлде мыкты аткардым деп ойлобой, тескерисинче, өзүн Аллах Тааланын алдында пас алсын. Себеби кылган ибадатында канча деген кемчиликтер кеткенин өзү деле билбей калуусу мүмкүн. Ошондуктан көп истигфар кылып, кылган ишин Аллахтын акысынын алдында аз деп ойлосун 》.

📓📔 |[ Мажалис Шахр Рамазан: 118 ]|

#фетва_шейх_фаузан #рамазан

📲 https://t.me/islamjolu/4102
Forwarded from ИсламЖолу
Шейх Солих аль-Фаузан айтты:

《 Сооптуу иштердин аягында, Рамазан айы сыяктуу ибадаттардын аягында мусулман көбүрөөк истигфар айтсын. Бул айда орозо тутуп, намаз окууга кимге Аллах мүмкүнчүлүк берсе - анысын истигфар менен бүтүрсүн, ибадатты тиешелүү деңгээлде мыкты аткардым деп ойлобой, тескерисинче, өзүн Аллах Тааланын алдында пас алсын. Себеби кылган ибадатында канча деген кемчиликтер кеткенин өзү деле билбей калуусу мүмкүн. Ошондуктан көп истигфар кылып, кылган ишин Аллахтын акысынын алдында аз деп ойлосун 》.

📓📔 |[ Мажалис Шахр Рамазан: 118 ]|

#фетва_шейх_фаузан #рамазан

📲 https://t.me/islamjolu/4102