ИсламЖолу
2.22K subscribers
991 photos
64 videos
22 files
1.42K links
islamjolu.kg сайтынын телеграмдагы расмий каналы. Ислам жолу - жаңы баштоочуга. Админ: @isjladm

- Вотсапта -
🚹 мырзалар группасы:
https://chat.whatsapp.com/G19qjWDdSBCJNo4S8dPkhe

🚺 айымдар группасы:
https://chat.whatsapp.com/DizRWgJlS4wA6egwr5UmpB
Download Telegram
#Майрам диндин бөлүгү. Ошондуктан Шариатта белгилөөгө 2 гана майрам уруксат этилген. Алар #Орозо_Айт жана #Курман_Айт күндөрү.
Фитр #садака'нын эң жакшы убактысы #Орозо_Айт намазына чыгып баратып берилгени. Айтка 1-2 күн калганда да бере баштаса болот.
Рамазандын 29-күнү кечинде ай каралат. Жаңы ай көрүнсө - демек #Рамазан аяктаган болот, кийинки күн #Орозо_Айт деп эсептелет.
#ШАВВАЛЬ - мусулман календарынын 10-айы. Анын 1-числосунда #Орозо_Айт майрамдалат. Бул айда 6 күн ыктыярдуу (нафил) #орозо тутулат.
🌾 АЙТ КҮНҮ МҮРЗӨГӨ ЗЫЯРАТ КЫЛУУ КЕРЕКПИ?

Муфтий Шейх Ибн Баз
айтты:

«Мүрзөлөргө, Айт намазынан кийин, атайлап баруу – “тирүүлөрдү да зыярат кылам, өлгөндөрдү да зыярат кылам”, - дегенсип – бул нерсеге далил билбейт экенмин, Пайгамбар ﷺ жана сахабалар Айт намазынан кийин Бакига[1] барганы жөнүндө да билбейт экенмин.
Бардык жакшылык салаф солихиндерди[2] ээрчүүдө, бардык жакшылык Пайгамбарды ﷺ ээрчүүдө. Аллах Таала айтты: “(Эй, Мухаммад) айткының: 《Эгер Аллахты жакшы көрчү болсоңор, мени ээрчигиле. Мына ошондо Аллах силерди жакшы көрүп, күнөөңөрдү кечирет》” (3:31).
Айт намаздан кийин кабырларга барууну Шариаттагы бир эреже катары көрбөш керек дейт элем.
Бирок, эгер ал ошол убакытта бош болуп калып, кабырга зыярат кылып койсо – бул сүннөттө бар дебестен – жөн эле убактысы ылайык келип калды, анда бул нерседе эч жамандык жок. Эртең менен болобу, же кечиндеби, түнкүсүн болобу же Багымдат намазынан кийинби, кабырды зыярат кыла берет. Бирок, мүрзөгө барууну айт намазынан кийин өзгөчөлөсө жана “бул ибадат” же “атайын бир сүннөт” десе – бул нерсеге Шариаттан эч далил билбейт экенмин»

(Булак: Муфтий Ибн Баздын расмий сайты)

_______
[1] Бакиг – Мадина шаарындагы кабырстан.
[2] Салаф солих – алгачкы такыба үч муун, б.а. Пайгамбар ﷺ менен сахабалар, табаиндер жана табатабаиндер.

#фетва_Ибн_Баз #курман_айт #орозо_айт #мүрзө #зыярат

📲 https://t.me/islamjolu/3778

@islamjolu
Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram
Айт намазга так сандагы курма жеп чыгуу

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ ، قَالَ : كَانَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لَا يَغْدُو يَوْمَ الْفِطْرِ حَتَّى يَأْكُلَ تَمَرَاتٍ. وَيَأْكُلُهُنَّ وِتْرًا

Анас ибн Малик айтат: "Аллахтын элчиси ﷺ Орозо Айт күнү эртең менен курма жемейинче чыкчу эмес. Аны так санда кылып жечү"

📚 <Бухари: 953>

#Орозо_Айт адептери

📲 https://t.me/islamjolu/4103
Forwarded from ИсламЖолу