ИсламЖолу
2.22K subscribers
991 photos
64 videos
22 files
1.42K links
islamjolu.kg сайтынын телеграмдагы расмий каналы. Ислам жолу - жаңы баштоочуга. Админ: @isjladm

- Вотсапта -
🚹 мырзалар группасы:
https://chat.whatsapp.com/G19qjWDdSBCJNo4S8dPkhe

🚺 айымдар группасы:
https://chat.whatsapp.com/DizRWgJlS4wA6egwr5UmpB
Download Telegram
Шейх Усейминдин Зуль-Хижжанын он күнү жана андагы амалдар тууралуу мусулман бир туугандарына берген насааты

СУРОО. Урматтуу шейх! Бир нече күндөн кийин Зуль-Хижжа айынын он күндүгү кирип келет. Сиз эл-журтка кандай насаат кылаар элеңиз? Сураныч, бул күндөрдүн өзгөчөлүктөрүн жана ал күндөрдө кандай амалдарды кылыш керектигин айтып берсеңиз?

ЖООП. Шейх Мухаммад Солих аль-Усеймин айтты:

Зуль-Хижжанын он күндүгү – Зуль-Хижжа айынын кириши менен башталат, жана Курман айт күнү аяктайт.

Ал күндөрү кылынган амалдар тууралуу Пайгамбар (соллаЛлооху 'алейхи ва саллям) айтты: «Аллах үчүн зул-хижжа айынын алгачкы он күнүндө жасалган солих амалдардан да сүйкүмдүүрөөк амалдар жок [жана (алар үчүн бериле турган сооптон) чоң сооп жок]». Андан: “Аллахтын жолундагы жихаддан дагыбы?», - деп суралган кезде, ал: «Эгер өмүрү менен мал-мүлкүн тобокелге салып, Аллах жолуна чыккан, жана булардын эч нерсесин кайтарып алып келбеген адамды санабасак, Аллахтын жолундагы жихаддан да», - деп жооп берди. (ал-Бухари 2/162, Абу Дауд 2438, ат-Тирмизи 757, ад-Дарими 1/357)

Ошондуктан, мен мусулман бир туугандарымды мындай чоң мүмкунчүлүктү колдонуп калууларына үндөйт элем. Бул – Зуль-Хижжанын он күнүндө – Куран окуу; такбир, тахлил, тахмид, тасбих ж.б. зикрдин түрлөрүн айтуу; садака; орозо сыяктуу сооп иштерди көбөйтүшсүн дейт элем. Баардык сооптуу амалдарды аткарууга аракет кылышсын.

⚠️ Таң калычтуусу, адамдар бул он күнгө кайдыгер болушканы.

Алар, Рамазандын акыркы он күнүндө ибадат кылууга жакшы аракет кылышат, бирок Зуль-Хижжа айынын он күнүндө, өзгөчө ибадат кылып калайын дегендердин эч кимисин көрө албайсың.

Эгер бул он күндүн ичинде адам сооп амалдарды кылса, Пайгамбар (соллаЛлооху 'алейхи ва саллям) көргөзгөн солих амалдарды аткаруу менен бул он күндү “тирилтсе” – чоң бир жакшылыкка жетишкен болот!

ℹ️ Бул он күндүк кирип келгенде, курбанчылык чалам деген инсан, өзүнүн чачын, тырмагын же терисиндеги нерселерин албашы керек.

Бул маселе, ким курбанчылык чалам десе, ошолорго гана тиешелүү. Ал эми бирөө ал үчүн курбанчылык чалса – ал анда ала берсе болот. Эгер, бир киши сүннөттө келгендей, өзү жана үй-бүлөсү үчүн бир малды курбанчылык чалууну кааласа – анда үй-бүлө мүчөлөрү чач, тырмак же теридеги нерселерди албаш керек деген эрежеге киришпейт.

Себеби хадисте Пайгамбар (соллаЛлооху 'алейхи ва саллям) “Эгер силердин араңардан бирөө курбандык чалууну кааласа, ал өзүнүн чачын, терисиндеги нерселерин же тырмагын албасын” деп айткан. Бул жерде кайрылуу курбандык чалууну каалаган адамга караштуу болуп жатат.

📻 (ал-Лико аш-Шахрий: 63-кассета)
📚 (“Шейх аль-Усейминдин Фетвалар жыйнагы” 21-том, 37-38 беттер)

"ал-Лико аш-Шахрий" лекциялар цикли тууралуу.
🕌 Шейх ар айдын Ишенби күндөрү Унейза шаарындагы өз мечитинде адамдар менен жолугушуу уюштурчу. Бул сабактарда кээ бир сүрөлөрдүн тафсирлерин, ибадат, ажылык жана аларга тиешелүү фикхий маселелерди баян кылчу. Ошондой эле учурдагы үммөт арасында болуп жаткан окуялар менен проблемаларга өзүнүн комментарийлерин билдирчү. Бул жолугушуулар шейхтин шакирттери тарабынан кассеталарга жаздырылып, кийин өзүнчө китеп болуп жарык көрдү.

#Зуль_хижжа #фетва_Ибн_Усеймин

http://islamjolu.kg/1915-шейх-усеймин-зуль-хижжа-айындагы-ибад

https://www.youtube.com/watch?v=UkwYvuWOBbQ

© ИсламЖолу
https://t.me/islamjolu/1285
Курмандыкка союлган малдын этин кантип бөлүштүрүү керек? – Шейх Ибн аль-Усеймин


Курмандык малын сойгон киши өз курмандыгынын этинен жей алат, садака бере алат жана башкаларга белек кылып тамак жасап бере алат.

Аллах Таала айтат: “Андан (курмандыктын этинен) өзүңөр да жегиле, кедей-бечараларды да тамактандыргыла.” (Куран, аль-Хажж 22:28). Дагы айтат: “Андан өзүңөр да жегиле, өзү сураган жана өзү сурабаган бирок муктаж болгон кедейлерге да жедиргиле.” (Куран, аль-Хажж 22:36).

Пайгамбар (соллаЛлооху 'алейхи ва саллям) айтты: “Жегиле, башкаларды тоюндургула жана өзүңөргө сактап койгула” (Бухари). Башка хадисте “Жегиле, өзүңөргө сактап койгула жана садака кылгыла” деп келет (Муслим). Башкаларды тоюндурууга байлар да кирет, ал эми садака бир гана кедейлерге.

Ушунун ичинен канчасы желет, канчасы тамак жасаганга кетет, канчасы садака кылынат – аалымдар ар кандай пикирлерди айтып келишет. Бул маселеде ыктыяр бар. Эң жакшысы – үчтөн бирин жеш үчүн өзүнө алып калып, үчтөн бирин башкаларга тамак жасап, үчтөн бирин садака кылганы. Жеш үчүн өзүнө деп алып калганын сактап койсо да болот, керек болсо узун убакытка чейин сакталганы жатса да. Бирок сактоонун артынан [эт таптакыр бузулуп], аны жеш зыян болбогондой болсун.

Бир гана ачарчылык жылдары курмандыкка союлган этти үч күндөн ашык сактоо уруксат эмес. Пайгамбар (соллаЛлооху 'алейхи ва саллям) айтты: “Силердин кимиңер курмандык кылса – анын эч нерсеси үчүнчү күндүн таңына чейин үйүңөрдө калбасын”. Кийинки жылы айтышты: “О, Аллахтын элчиси! Мурдагы жылдагыдай кылалыбы?”. Айтты: “Жегиле, башкаларды тоюндургула, өзүңөргө да сактап кое бергиле. Ал жылы адамдарга кыйын болгон. Ошондуктан силер аларга жардам кылсаңар дедим эле” (Бухари, Муслим)

📚 Колдонулган булак:
“Ахкам аль-Удхия ва аз-Закаа” (Курмандыкдын жана мал союунун өкүмдөрү).
Автор: Шейх Мухаммад Ибн Солих аль-Усеймин

#курмандык #фетва_ибн_усеймин

© ИсламЖолу
«Террордук жардыруулар Аллах жолундагы жихад эмес» - Шейх Усеймин

Террордук актылардын туура эместиги жөнүндө, ал нерсе Алла жолунда жихад эместиги жөнүндө заманбап аалым — Ибн Усеймин шейхтин фетвасы.

Шейх айтат:

💬 Адамдардын арасында жардырууларды уюштуруп, аны «Аллах жолундагы жихад» деп жүргөндөр тууралу айтуудамын. Чындыгында, алар Исламга жана мусулмандарга пайда эмес, көбүрөөк зыян алып келүүдө. Алар кандай натыйжаларга жетишти эми Силерге суроо: каапырлар Исламга жакындаштыбы же ого бетер андан алыстап кетиштиби⁉️

Албетте алысташты.

Башкалар аны ушу дүрбөлөң туудурган коркунучтуу топтон (мусулмандардан) деп ойлобосун үчүн кээ бир мусулмандар өзүн мусулман экенин айта албай келишет. Адамдарды бул даражага чейин жеткизишти. Бул эмне Исламданбы? Ислам мунун баарынан алыс, Ислам мунун баарынан алыс!..

http://islamjolu.kg/?p=704

#аалымдар_терроризмге_каршы
#Фетва_Ибн_Усеймин

© ИсламЖолу
Курман Айтка курмандык чалам деген киши тырмак-чач албайт, терисинен бир жерин албайт

Пайгамбар ﷺ айтты:
🌙 "Зул-Хижжа айы башталганда [Курман Айтка] курмандык чалам деген киши тырмак-чачын малы союлмайынча албасын" 📚 (Муслим 1977)

Шейх Ибн аль-Усеймин айтты:

ℹ️ Бул он күндүк кирип келгенде, курбанчылык чалам деген инсан, өзүнүн чачын, тырмагын же терисиндеги нерселерин албашы керек.

Бул маселе, ким курбанчылык чалам десе, ошолорго гана тиешелүү. Ал эми бирөө ал үчүн курбанчылык чалса – ал анда ала берсе болот. Эгер, бир киши сүннөттө келгендей, өзү жана үй-бүлөсү үчүн бир малды курбанчылык чалууну кааласа – анда үй-бүлө мүчөлөрү чач, тырмак же теридеги нерселерди албаш керек деген эрежеге киришпейт.

Себеби хадисте Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) “Эгер силердин араңардан бирөө курбандык чалууну кааласа, ал өзүнүн чачын, терисиндеги нерселерин же тырмагын албасын” деп айткан. Бул жерде кайрылуу курбандык чалууну каалаган адамга караштуу болуп жатат.

📚 (“Шейх аль-Усейминдин Фетвалар жыйнагы” 21-том, 37-38 беттер)

#зуль_хижжа #чач #фетва_Ибн_Усеймин

📲 https://t.me/islamjolu/3373

© ИсламЖолу
ОРОЗОНУН КАЗАСЫН УДАА ТУТУШ ШАРТПЫ? – ШЕЙХ ИБН АЛЬ-УСЕЙМИН

СУРОО
. Бир аялдын Рамазан айынан алты күндүк карыз орозосу бар экен. Ал бул күндөрдү удаа тутуусу керекпи же бир күн тутуп бир күн ооз ачабы?

ЖООП. Шейх Мухаммад Ибн Солих аль-Усеймин айтты:
Рамазандын казасын тутууда күндөрдү УДАА ТУТУУ ШАРТ ЭМЕС. Ошондой эле Рамазандан кийин ДАРОО тута баштоо да шарт эмес. Ошондуктан момундардын энеси Айша (радыяЛлаху анха) [кээ бир себептерден улам] Рамазандын казасын тээ Шаабан айында гана кармаганы айтылат.
Албетте, эртерээк карыздан кутулуш үчүн жана Шавваль айынын алты күнүнө да үлгүрүш үчүн – орозону тез баштап, анан биринин артынан экинчисин удаа кылган жакшыраак.

💿 Булак: Лико аль-Баб аль-Мафтух: 149-кассета.

#орозо #фетва_Ибн_Усеймин

📲 https://t.me/islamjolu/3499

@islamjolu
Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram
СУРОО. Ирактан Н.Д. аттуу угарманыбыз бир нече суроо жибериптир. Биринчи суроосунда айтат: “Рамазан айынын карызын тутпастан, Шавваль айынын алты күндүк орозосун кармоо болобу? Эгер уруксат эмес болсо, анда Шаввал айынын Дүйшөмбү күндөрүндө орозо тутуп, ошол орозону 《Рамазандын казасы, Шаввал орозосу жана Дүйшөмбү күнүнүн орозосу》 деп ниеттенип (б.а. ниеттерди бириктирип) орозо кармоого болобу?

❗️ ЖООП. Шейх Ибн аль-‘Усеймин жооп берди:

Шаввалдын алты күн орозосунун сообу, Рамазандын күндөрүн ТОЛУК кармабайынча, эсептелбейт.
⚠️ Ошондуктан Рамазандан карызы бар адам, аны тутуп бермейинче, Шаввал айынын алты күн орозосун тутпайт.
Себеби Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам): “Ким РАМАЗАН АЙЫНДА ОРОЗО КАРМАСА, кийин анын артынан Шаввалдан алты күн кармаса – бир жылдык орозо тутканга барабар” (Муслим: 1164), - деди. Рамазан айын толук кармап бүтүрбөгөн адам, Рамазан айын орозо кармады деп эсептелбейт.
Демек, карыз орозосу бар адамга айтабыз: “алгач карыз орозоңду карма, андан соң гана Шаввал айынын алты күн орозосун карма”.
Эгер алты күндүк орозо, Дүйшөмбү/Бейшемби күндөрү орозо кармоого туура келип, жана адам аны 《Шаввалдын орозосу, жана Дүйшөмбү/Бейшемби орозосу》 деп НИЕТТЕНСЕ – ал ошол [эки нафил] орозонун тең сообун алат. Себеби Пайгамбар ﷺ: "Амалдар ниеттер менен. Чындыгында ар бир адам ниеттенген нерсесин гана алат" деди.

📝 Булак: “Силсиля Фатава Нур ъала Дарб”: 146.

#фетва_Ибн_Усеймин #орозо_каза #Шавваль


📲 https://t.me/islamjolu/3676
СУРОО. Эгер бир киши Шавваль айынын баарысын Рамазандын карыз орозолорун кармоо менен өткөрсө – анда ал [Шаввал айынын] алты күндүк орозосун Зуль-Ка’да айында тутуп койсо болобу?

❗️ ЖООП. Шейх Ибн аль-‘Усеймин жооп берди:

Мисалы, эгер адам сапар, оору же төрөттөн кийинки кан (нифас) себептүү, Рамазан айын толугу менен орозо кармаган жок деп эсептесек, жана ал Шаввал айын толугу менен ошол каза орозолорду тутуп өткөрүп, Шавваль бүтүп калса – анда мындай адамга Зуль-Каада айында алты күн орозо тутуп коюу уруксат.
Себеби, парз болгон Рамазан орозосун тутпай калган киши, анын казасын туткандай эле, нафилди [үзүр себептүү] өткөрүп жиберген киши, анын казасын тутат. Шаввал айынын алты күндүк орозосу, Рамазан айынын орозосунан кийин тутулат эмеспи.
Бирок эгер ал карыз орозолорду тутууга кош көңүлдүк кылып, мүмкүнчүлүгү барда тутпай жүрүп, анан Шавваль аяктаганы аз калганда карыз орозолорду тута баштап, [ошентип Шавваль бүтүп калып, кийинки ай келгенде], алты күндүк орозону тутууну кааласа – бул андан кабыл кылынбайт. Себеби ал, эч үзүр-себепсиз, ибадатты өз убагында кылбай, таштап койду.

📝 Булак: “Силсиля Лико аль-Баб аль-Мафтух”: 117.

#фетва_Ибн_Усеймин #орозо_каза #Шавваль


📲 https://t.me/islamjolu/3677
САДАКА ЖАРИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?

http://islamjolu.kg/3421-садака-жария-деген-эмне-🌱

СУРОО. Эр-Рияддан А.А. аттуу киши сурап жатат: “Өлгөндөн кийин маркумга пайда берүүчү жана Кыямат күнүнө чейин сообу ага жетип туруучу эмне бар?. Алар Шариат китептериби, суу [чыгаруубу] же жолбу? Үзгүлтүксүз кайрымдуулук (садака жария) деген эмне?

❗️ ЖООП. Шейх Ибн аль-‘Усеймин айтты:

Суроо берүүчүнүн “Кыямат Күнүнө чейин” деген сөзү тууралуу айтып кете турган болсок, эч ким ал нерсеге кепилдик бере албайт. Кандай гана нерсе болбосун, ал Кыяматка чейин калабы же жокпу, инсан билбейт.
Ал эми “Уланып туруучу кайрымдуулук” (Садака жария) - бул өлгөнгө чейин адам кылып таштап кеткен нерселер. М: мечиттерде жана медреселерде дайым колдончу бир нерсе жасап кетүү, китептер, жакырларга үй куруу ж.б.у.с.
Булар маркум үчүн калат жана анын көзү өткөндөн кийин ага пайда алып келет. Себеби, Пайгамбар (саллаЛлаху алейхи ва саллам) айтты: "Адам өлгөндө, анын бардык амалдары үзүлөт, бул үчөөнөн башкасы: үзгүлтүксүз садака, пайда алып келип жаткан илим же ал үчүн дуа кылып туруучу солих перзент".
📝 Ушул үчөөнүн эң жакшысы – пайдалуу илим. Себеби садакага калтырылган нерсе чирийт-жоголот, солих бала да бир күнү өлөт, ал эми илим калат.
Мына, жүздөгөн жылдар мурун каза болгон аалымдардан ибарат ал. Алардын китептери бүгүнкү күндө адамдардын колунда. Ал китептерди окушуп, куду өзүлөрү сабак берип жатышкандай пайдаланып жатышат.
Ошондуктан мен биздин жаштарды Шариат илимин алууга үндөп кетет элем. Ал илим себептүү өзүлөрү тирүүсүндө жана өлгөн соң пайда көрүшөт, жана мусулмандар да, ал тургай Ислам да ал илимден пайда көрөт.
Шариат илимине эч нерсе тең боло албайт. Шариат илимдерин окуу Аллах жолунда жихадга караганда да жакшыраак. Себеби, үммөт бул илимге жашоонун бардык тармактарында муктаж. Ал эми, Жихад - Исламды коргоо, согуш багытында гана колдонулат. Кээде жихад жалпы жонунан пайдалуу болушу мүмкүн, бирок илимдей эмес.
Имам Ахмад ибн Ханбал (Аллах ага ырайым кылсын): “Илим, эгер ниет туура болсо, ага эч нерсе тең келбейт!”, - деп айткан. Ахлюс-Сунна имамы, мухаддис, факих “Илимге эч нерсе тең келбейт”, - деп айтып жатат, карачы!
Мен жаштарды, Куран жана Пайгамбардын ﷺ сүннөтүнө негизделген Шариат илимин окууга үндөйт элем. Шариат илимин, өмүрлөрүн - маселелер менен далилдерди изилдеп жүрүп - өткөргөн, мурунку уламалардын сөздөрүнө негизделип алууларын үндөйт элем. Ооба.

Булак: (Фатава Нур ъаля ад-Дарб: 353)

🔉 http://binothaimeen.net/content/12727

#илим #садака_жария #садака #фетва_Ибн_Усеймин #маркум


📲 https://t.me/islamjolu/3689
🌿 САДАКАНЫ АЧЫК БЕРСЕ БОЛОБУ?

Аллах Таала айтты:
«Эгер садакаларды ашкере кылсаңар – бул жакшы. Эгер жашыруун кылып, кембагалдарга берсеңер – бул жакшыраак. (Бул экөө тең) силердин күнөөңөрдү жууйт. Аллах силер кылып жаткан ишиңерден кабардар» (Куран, аль-Бакара 2:271).

Аллах Таала айтты:
«Түнү-күнү мал-дүйнөсүн жашыруун жана ашкере түрдө садака кылган адамдар үчүн Раббисинин алдында сооптору бар. Аларга коркунуч да жок жана алар капа болушпайт» (Куран, аль-Бакара 2:274).

•┈┈┈┈•✿❁✿•┈┈┈┈•

СУРОО. Үчүнчү суроо: “Инсан садакасы тууралуу башкаларга айтуусу же алардын алдында ачык садака берүүсү – мейли, кайсы бир топтун мүчөлөрү, белгилүү бир суммадагы акча жыйнайбыз деп макулдашкан болушсун – ким ошондой садака берсе, сообу жок болуп калабы”?

❗️ ЖООП. Шейх Ибн аль-Усеймин айтат:

Эгер адам садакасын ачык кылса же кайрымдуулук чогултууда адамдарга садакасы билинип калса ж.б.у.с., бул анын сообун азайтпайт. Себеби Аллах өз малдарын жашыруун жана ачык садака кылгандарды [экөөнү тең] мактады. Керек болсо, ачык садака кээде жашыруун садакадан жакшыраак болушу мүмкүн, эгерде ал жарыялоодо адамдарга үлгү болуу ж.б.у.с. жакшылык келсе. Ачык садака берген киши, бул учурда, жакшылыкты көрсөтүүчү, жакшы бир адат баштоочу, жакшылыкка үгүттөөчү болот, жана ким анын артынан ээрчип, ошол жакшылыкты аткарган болсо, ошол жакшылыктын жана аны аткаруучунун сообу тээ Кыямат Күнүнө чейин ага жазылып турат.
Бирок, эгер адам садаканы ачык берүү менен, бул ибадат үчүн адамдардын мактоосун, адамдар аны көрсүн деп жаткандыгын жүрөгүндө сезсе – анда, бул рия. Адам колунан келишинче андан арылууга аракет кылышы керек. Ал эми колдоо жана күч бир гана Аллахтан.

Булак: Нур ‘аля ад-Дарб: 109

#садака #рия #фетва_ибн_усеймин

📲 https://t.me/islamjolu/3735
🌱 Шейх Ибн Усеймин - Карызы бар адам курмандык чалуусу

СУРОО
. Эгер адамдын кечиктирилген (белгиленген мөөнөткө чейин төлөйм деген) карызы болсо, курмандык чалуусу кандай болот? Курмандыкка бул өтөбү же сөзсүз карыздын ээсинен уруксат сураш керекпи?

❗️ ЖООП. Шейх Ибн аль-’Усеймин айтты:

Карызы бар адам #курмандык чалбай эле койсо дейт элем. Бир гана карыздын мөөнөтү белгиленип, убактысы келгенде аны бере алам деп көзү жетип турса - курмандык чала берсин.
Болбосо, дирхамдарын карызын төлөөгө сактап койсун. Карыз маанилүү нерсе.
О, бир туугандар! Пайгамбар – ага Аллахтын салам-салаваттары болсун – күндөрдүн бир күнүндө ансарлардан болгон бир кишиге жаназа окумак болду. Бир нече кадам шилтеп, анан сурайт: "Анын карызы бар беле?". Алар: “Ооба”, - дешти. Ал: "Досуңардын жаназасын окуп алгыла!", - деп, өзү ага жаназа окуудан баш тартты. Ошондо Абу Катада аттуу сахаба ордунан туруп: "(Анын карызы) эки динарды мен төлөюн", - дейт. Пайгамбар ﷺ "Карыз ээсинин акысы (сенде болуп), маркум андан кутулдубу?", - деди. Ал: “Ооба, Аллахтын Элчиси!", - дейт. Ошондо Пайгамбар ﷺ ага жаназа окуйт.
Качан Аллах үчүн шейит болуу, ал бардык күнөөлөрдү жууйт экени жөнүндө сураганда, Пайгамбар ﷺ айтат: "Карыздан башкасын". Аллах жолунда шейиттин бардык күнөөлөрү кечирилет, бирок карызы кечирилбейт!
О, бир туугандар! #Карыз оңой иш эмес. Өзүңөрдү сактап калгыла, (мына ошондо) өлкө келечекте экономикалык кырсыктарга кабылбайт. Себеби, карыз алып, бирок ага көңүл кош мамиле жасагандар, барып барып банкрот болушат. Анын артынан карыз бергендер да банкрот болушат. Маселе өтө олуттуу.
Аллах Таала, пенде үчүн, мал-мүлккө тиешелүү ибадаттарды, күчү жетсе гана кылат деп, жеңилдетип койгон. Демек, инсан Аллахка алкыш айтып, шүгүр кылсын.

Булак: "ал-Лико’ аш-Шахрий": 53.

#фетва_Ибн_Усеймин

📲 https://t.me/islamjolu/3755
🕌 Медина - ислам жана ыймандын башаты

Абу Хурайра (رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ) риваят кылат, Аллахтын Элчиси (صلى الله عليه وسلم) айтты:

«Жылаан ийнине кайткандай, чындыгында, Ыйман да Мединага (бир күнү) кайтат»
📚 (Бухари: 1876; Муслим: 147)

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ، أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ : " إِنَّ الْإِيمَانَ لَيَأْرِزُ إِلَى الْمَدِينَةِ كَمَا تَأْرِزُ الْحَيَّةُ إِلَى جُحْرِهَا ".


Шейх Ибн аль-‘Усеймин айтты:

Хадисте Аллахтын Элчиси (صلى الله عليه وسلم), башка өлкөлөр бузулуп кеткен соң, бул дин, Мединага кайтаарын ишарат кылып жатат.
Жылан чыгып, жер бетине жайылып, андан соң өз ийнине кайтып келет, куду ошондой эле Ислам Мадинадан чыккан, кайра ага кайтып келет.
Ислам Меккеде башталганы менен, бирок өз күчү жана бийлиги менен, Мединадан гана жайыла баштаган. Мекке вахий түшкөн биринчи жер. Ал эми мусулмандар Мединага хижрат кылгандан кийин гана мамлекет жана күчкө ээ боло алышты, Мединада гана аларга жихад парз болду.
Ошондуктан Исламдын бийлиги, таасири жана күчү Мединадан жайыла баштаган. Эми Акыр Заман болоордо кайра ага кайтып келет.

📀 Булак: Фатава Нур ‘аля ад-Дарб № 183

#шарх #хадис
#Кыямат_Белгилери #ислам #медина #фетва_Ибн_Усеймин


📲 https://t.me/islamjolu/3791
Айша (радияЛлаху анха) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
Кайсыл гана аял болбосун, кийимдерин күйөөсүнүн үйүнөн башка жерде чечсе, анда Аллах менен анын ортосундагы парданы алып салган болот
📚 (Абу Дауд: 4010; Тирмизи: 2803. Шейх Альбани хадисти сахих деди)

•┈┈┈┈•❁🔴❁•┈┈┈┈•

Аль-Манави айтты: 
"күйөөсүнүн үйүнөн башка жерде чечсе", - дегендин мааниси: чоочун эркектердин алдында, жабууга тиешелүү жерлерин жаппаса, алардан катынбаса
📕 (Файд аль-Кодир: 3/176).

•┈┈┈┈•❁🔴❁•┈┈┈┈•

Шейх Ибн аль-Усеймин айтты: 
Эгер бул хадис сахих болгон болсо, мааниси – аял чоочун эркектер аны көрүп калуу коркунучу бар жерде кийим чечсе, - дегенди билдирет
📀 (Нур ъаля ад-Дарб: “Шурух аль-Ахадис ва аль-Хукм ъалайха).

•┈┈┈┈•❁🔴❁•┈┈┈┈•

Шейх Ибн Баздан бул хадис тууралуу сурашты.
СУРОО: ... “Кайсыл гана аял болбосун, кийимдерин күйөөсүнүн үйүнөн башка жерде чечсе, анда Аллах менен анын ортосундагы парданы алып салган болот”, - деген хадистин мааниси тууралуу суроо. Бул дегендик аял үй-бүлөсүнүн үйүндө же бир тууганынын үйүндө, зарыл учурда кийимин алмаштыра албайт дегенди билдиреби?

ЖООП. Муфтий Шейх Ибн Баз айтты:
Аллаху аълям. Бул жерде, туурасы, аял кийимин бузукулук, зына жана жаман иштер үчүн чечинсе, - деген мааниде; же эркектер аны көрүп калуусу мүмкүн жерде кайдыгерлик менен чечсе, - деген мааниде.
Ал эми бир тууганынын, атасынын же махрамдарынын үйүндө, керек болуп калып кийимин чечсе; же тааныш аялдардын үйүндө, кийимин алмаштыруу үчүн же жуунуу үчүн, эч кандай коркунуч болбогон жагдайда, авраттары чоочундарга көрүнбөгөндөй акыбалда – кийимин чечсе, Аллах билүүчүрөөк – туурараагы, бул уруксат.
Ал эми, Пайгамбардын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жогору хадисте айтканы, эгер аял кооптуу жагдайда кийимин чечсе, - дегенди билдирет.
🌐 Муфтий Ибн Баздын расмий сайты.

#аял #аврат #фетва_Ибн_Баз #фетва_Ибн_Усеймин #хадис

📲 https://t.me/islamjolu/4209
💥 КРЕДИТ АЛГАН КИШИГЕ КАРЫЗЫН ТӨЛӨӨГӨ ЖАРДАМ БЕРҮҮ БОЛОБУ?

СУРОО
. Биздин бир тааныш эже банктан кредит алып, анысын төлөй албай кыйналып жатыптыр. Группадагылар чогулуп, ага садака катарында жардам берип коёлу деп жатабыз. Бул кылганыбыз туурабы?

❗️ ЖООП. Процентке карыз алуу “риба” деп аталат жана Исламдагы эң чоң жети күнөөнүн бирөөсү.

Аллах Таала айтты: ≼Эй, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула жана рибанын калдыгын таштагыла, эгер силер момун болсоңор. Ал эми андай кылбай турган болсоңор, анда Аллах жана Анын элчиси силерге каршы согуш жарыялайт экенин билгиле≽ (Куран, аль-Бакара 2:278-279).

Абу Хурайра (радыяЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты дейт: «Жети эң чоң, адамды жок кылуучу, күнөөдөн алыс болгула!». Адамдар: “Алар кайсылар, о, Аллахтын Элчиси?”, - деп сурашты. Айтты: «Ширк, сыйкырчылык, Аллах арам кылган жанды акысыз өлтүрүү, риба, жетимдин малын жештик, согуш талаасынан качуу, жаман оюу жок момун аялдарды ойноштукка айыптоо» (Бухари: 2766 ; Муслим: 89).

Эгер адам процентке алган карызынан тообо кылса, ага кайтпоого чечкиндүү болсо жана бул кылганына өкүнсө, бирок бул пайызды төлөөдөн качып кутула албаса, балким кармалып түрмөгө отуруп калуу коркунучу бар болсо – анда бул карызды жана андан пайда болгон пайыздарды төлөөгө жардам берсе болот.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты: «Ким бир мусулмандын кайгысын кетирсе, Аллах Таала анын Кыямат Күнү бир кайгысын кетирет» (Бухари: 2442; Муслим: 2580).

Аалымдар, эгер арам нерсе үчүн карызы бар адам Аллахка тообо кылса, анын карызын жабуу үчүн ага зекет же садака берсе болот деп айтышкан.

Шейх Мухаммад ибн Усеймин (Аллах аны ырайымына алсын) суралды: "Эгер адам арам нерсеге карыз болсо, ага зекет берсек болобу?". Шейх жооп берди: “Эгер анысынан тообо кылса, ага жардам берсек болот. Тооба кылбаган болсо, жардам бербейбиз. Анткени бул ага арам нерседе жардам берүү дегендик болуп калат. Эгер карызын төлөп берсек, ал барып дагы карыз алып алат📚 (аш-Шарх аль-Мумти‘: 6/235).

Ал эми риба соодасынан тообо кылбаган, өз кажетин бүтүрүп алыш үчүн гана жардам сурап, кийин карызы жабылса, кайра кредит алууга кайткан кишиге – карызын төлөөгө жардам берүү уруксат эмес.
Аллах Таала айтты: ≼Бири-бириңерге жакшылык жана такыбачылык иштерде жардам бергиле, бирок күнөө жана душманчылык иштерде жардам бербегиле≽ (Куран, аль-Маида 5:2).

Аллаху аълям!

#фетва_Ибн_Усеймин #риба #кредит #карыз #садака

📲 https://t.me/islamjolu/4456